29 август 2025
Кароолор: (11)
КҮЗ, КЫШ МЕЗГИЛИНЕ КАРАТА ДАЯРДЫКТАР БОЮНЧА ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жыйындар залында шаардын 2025-2026-жылдагы күз, кыш мезгилине карата даярдыгы боюнча жыйын болуп өттү. Ага шаар мэринин орун басары Уларбек Исмаилов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.
Жыйында алдыдагы кыш мезгилине карата даярдык иштери, элдин коопсуздугун жана жылуулуктун үзгүлтүксүз камсыз болушун камсыздоого багытталган иш-чаралар пландалып, тиешелүү мекеме-ишканаларга бир катар тапшырмалар берилди.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз









