26 сентябрь 2024

Кароолор: (21)

КУРМАНБЕК АЙМАКТЫК БАШКАРУУСУНДА КООМДУК АЛДЫН АЛУУ БОРБОРЛОРУНУН ИШ-ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУСУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

 Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкаруу мекемесинин алдындагы Коомдык алдын алуу борборунда «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укук бузуулардын алдын алуусу» аталышындагы иш-чара өттү.

Ага Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова, Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев, Курманбек аймактык башкаруу мекемесинин башчысы Бактыгүл Алдосова, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү,

КААБнун мүчөлөрү, Saferworld (Сейферуорлд) эл аралык уюмунун жана "Эл аралык толеранттуулук үчүн" фондунун өкүлдөрү катышты.

 Иш-чаранын максаты - жарандардын милиция жана бийлик органдарынын ортосундагы социалдык кызматташтыкты алдыга жылдыруу, өз-ара байланышты жакшыртуу боюнча иштеп жаткан коомдук

алдын алуу борборлорунун жергиликтүү деңгээлдеги укук бузууларды алдын алуусу боюнча иш тажрыйбалары менен таанышуу болуп саналат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз