06 февраль 2025

Кароолор: (234)

КУРМАНБЕК АЙМАКТЫК БАШКАРУУСУНДА ДИН ТУТУУ ЭРКИНДИГИ БОЮНЧА ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ

КУРМАНБЕК АЙМАКТЫК БАШКАРУУСУНДА ДИН ТУТУУ ЭРКИНДИГИ БОЮНЧА ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ

 Бүгүн, 5-февралда Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкаруусунда дин тутуу эркиндиги, диний бирикмелер жөнүндө жана укук бузуулар кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча жыйын болуп өттү.

 Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын, шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, шаардын баш имам хатибинин орун басары жана жергиликтүү тургундар катышты.

 Жыйында укук бузуулар кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдөн сырткары, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, тазалыкты сактоо боюнча сунуш-пикирлер ортого салынды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз