19 октябрь 2022
Кароолор: (365)
Курманбек аймактык башкармалыгында жергиликтүү курултайга делегаттар шайланды

Жыйынга Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Адиль Жоробаев , Уулкан Кожоева жана аталган аймактык башкаруунун тургундары катышты. Жыйында ачык добуш берүү менен 40 делегат шайланды.
Эл тарабынан сунушталган 40 делегат 2022-жылдын 26-октябрында өтүүчү Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү курултайына катышат. Жалпысынан 5 аймактык башкаруудан 200 делегат шайланып, алардын арасынан көпчүлүктүн добушуна ээ болгон 2 делегат Жалал-Абад шаарынын атынан биринчи Элдик курултайга катышып, республикалык деңгээлде чечилүүчү шаардын көйгөйлүү маселелерин көтөрөт.
Алдыда жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо үчүн Ч. Айтматов, Т. Тайгараев жана Достук аймактык башкарууларында жыйындар өткөрүлөт.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борбору
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз