14 апрель 2023
Кароолор: (47)
Куркура көчөсүнө асфальт төшөлүп жатат

Жалал-Абад шаарындагы 200 метрди түзгөн Куркура көчөсүнө асфальт төшөлүп жатат. Асфальт төшөө жумушун Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз автожол” ишканасынын Жалал-Абад филиалы жүргүзүүдө.
Быйыл Жалал-Абад шаарында 13 чакырым аралыкка тротуар куруу, 14,2 чакырым жолго асфальт төшөө жумуштары жүргүзүлөт.