25 март 2025
Кароолор: (79)
КУРГАК УЧУКТУ БИРГЕ ЖЕҢЕБИЗ

Жалал-Абад шаары боюнча «Кургак учукту бирге жеңебиз» атуу программанын негизинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо Министрлигинин 28.02.2025-жылдагы №179 “2025-жылдын 24-мартында Бүткүл дүйнөлүк кургак учука каршы күрөшүү күнүн белгилөө жөнүндө” буйругунун, Жалал-Абад облустук үй-бүлөдүк медицина борборунун координатору Өмүрбек Махмаджунус уулунун 1-март 2025-жылдагы №35 “Кургак учук оорусун алдын алуу боюнча бир айлык акция өткөрүү жөнүндө” буйругунун негизинде иш мерчемдери түзүлүп, «Кургак учук оорусунун алгачкы белгилери» деген темада шаардагы мектептер жана жогорку окуу жайларында буклеттер таратылып, кургак учуктун алгачкы белгилери менен тааныштырылып, анын алдын алуу үчүн кайсыл жакка кайрылуу керектигин жана кайсыл жакка барып текшерилүү керектиги тууралуу маалыматтар айтылды.
Бул аракеттер шаардык кургак учукка каршы күрөшүү кабинетинин медициналык кызматкерлери тарабынан ишке ашууда.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз