16 ноябрь 2023
Кароолор: (18)
КУБАНЫЧБЕК КУРМАНАЛИЕВДИН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

Бүгүн, 15-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында "Күз кайрыктары" аталышындагы КВН өттү. Иш-чара Маданияттын мыкты кызматкери, маркум Кубанычбек Курманалиевдин элесине арналып уюштурулган.
Анда өлкөнүн 7 дубанынан келген таланттуу жаштар тапкычтыгы, чыгармачылык жөндөмдүүлүгү менен күч сынашып , жыйынтыгында Бишкектен келген "Лидер" командасы биринчи орунду ээледи.
Кубанычбек Курманалиев 1967-жылы Сузак районуна караштуу Алмалуу айылында төрөлгөн. Өмүр жолунда бир катар маданият кызматкерлерине устат болуп, 2014-жылдан, 2022-жылга чейин Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маданият сарайын жетектеген.
Эске салсак, ал 2022-жылдын 21-октябрь күнү, 55 жашында оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.