15 февраль 2024

Кароолор: (56)

КӨП БАЛАЛУУ ЭНЕЛЕРГЕ "БААТЫР ЭНЕ" ОРДЕНИ ЖАНА "ЭНЕ ДАҢКЫ" МЕДАЛЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

Бүгүн, 15-февралда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков көп балалуу 9 энеге “Баатыр эне” орденин жана 3 энеге “Эне даңкы” медалын тапшырды. Алардын эң улуусу 59 жашта болсо, эң жашы 39 жашта.

 Шаар мэри энелерди сыйлыктары менен куттуктап, балдарды татыктуу тарбиялап-өстүрүүдө жана үй-бүлө институтун бекемдөөдө энелердин орду зор экендигин белгилеп, ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпы 269 "Баатыр эне", 50 "Эне даңкы" орденинин ээси бар.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз