28 июль 2023
Кароолор: (58)
«Контракты банктык коштоо» темасында 2 күндүк окутуу семинары өттү

Жалал-Абад шаардык мэриясында "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контракты банктык коштоо сатып алууларды уюштуруу жана келишимдерди түзүүнүн тартиби» темасында окутуу болду. Семинар онлайн жана офлайн форматында өтүп, ага 100 дөн ашуун сатып алуучулар жана берүүчүлөр, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, Ош , Жалал-Абад, Баткен облустарынын бюджеттик мекемелеринин кызматкерлери катышты.
Окуу семинарда мамлекеттик сатып алууларда банктык коштоону туура жана так жүргүзүү, көйгөйлөрдү жоюунун жолдору боюнча талкуу болду.
Белгилей кетсек, семинар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан уюштурулуп, ага Россиянын «Газпромбанк” Ачык Коому көмөк көрсөткөн.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз