08 сентябрь 2023
Кароолор: (64)
КОМУЗ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 8-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы Глинка атындагы балдар музыкалык мектебинде 9-сентябрь -Комуз күнүнө карата ошондой эле, залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына карата, иш-чара өткөрүлдү.
Майрамдык иш-чарага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев жана аталган мектептин мугалимдери, окуучулары катышты.
Эки бөлүктөн турган иш-чарада алгач комуз күүсүнүн тарыхын баяндаган “Күүнүн башы Камбаркан” аталышындагы сахналаштырылган көрүнүш көрсөтүлдү. Андан соң, залкар комузчу Карамолдо Орозовдун өмүр баяны, чыгармачылыгы жөнүндө баян айтылып, комуз күүлөрү чертилди.
Соңунда мэрдин орун басары уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип: “Комуздун кайрыктары түбөлүк сакталып, маданий мурасыбыз катары кылымдар бою жашай берсин,”- деген тилегин айтып, комуз күнү менен куттуктады.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын 9-сентябрда Комуз күнү белгиленип келет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз