20 март 2024

Кароолор: (53)

Коммуналдык мекемелердин кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Жалал-Абад шаардык мэриясынын коммуналдык мекемелеринин кызматкерлерине кесиптик майрамга карата ооз ачарга атайын сый-дасторкон жайылып, жетекчилер тарабынан майрамдык маанай тартууланды.

 Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар мэринин орун басары Жаныш Раимжанов, мэриянын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова баштаган жетекчилер, "Жалал-Абад Тазалык" мекемесинин, Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын, "Жалал-Абадсууканал" башкармалыгынын, "Жол" башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

 Анда жетекчилер тарабынан шаардын коммуналдык чарбасын тейлеген мекемелердин жумушу түйшүктүү экендиги баса белгиленип, быйыл бул тармакта иштегендердин айлык маяналары 30% га көтөрүлгөнү маалымдалды. Ошондой эле, үзүрлүү эмгектенген бир катар кызматкерлерге Ардак грамоталар жана Алкыш баракчалар тапшырылды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз