14 июль 2023

Кароолор: (66)

Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментине жаңы техника тапшырылды

 Бүгүн, 14-июлда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Автандил Дүйшеев мэриянын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментине 2023-жылы чыгарылган DFAC үлгүсүндөгү манипулятордун ачкычын тапшырышты.

Аталган техниканын жардамы менен шаардагы көчөлөрдү жарыктандыруу, темир-бетон арык куурларын жаткыруу сыяктуу жумуштар жасалат.

 Белгилей кетсек, техниканы сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 3 млн. 400 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз