10 июнь 2024
Кароолор: (70)
КӨЧМӨН ЭЛДЕРДИН ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ

8-июнда Барпы театрынын алдында уюштурулду. Анда облустук Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын алдындагы "Мөлмөл" эл аспаптар оркестринин коштоосунда улуттук ыр-күүлөр жаңырып, концерттик программа тартууланды.
Ошондой эле, кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарынын жарманкеси жана сүрөт көргөзмөсү да уюштурулду.
Фестивалдын негизи максаты - улуттук баалуулуктарды, нарк-насилди, маданиятты, каада-салт, үрп-адаттарды даңазалоо болуп саналат.
Иш-чаранын уюштуруучусу Степан Смиршин фестивалды өткөрүүгө демөөрчүлүк кылган "Tines" компаниясына жана Жалал-Абад шаарынын мэриясына ыраазычылык билдирип, көчмөн элдердин этно-маданиятын жайылтууга салым кошо берээрин белгиледи.
Белгилей кетсек, аталган фестиваль өлкөнүн бардык район-шаарларында өткөрүлмөкчү.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз