02 май 2023
Кароолор: (77)
“Китеп адамды, адам дүйнөнү өзгөртөт” аталышындагы китеп окуу сынагы өттү

Курманбек баатыр атындагы балдар лицейи Жалал-Абад шаардык мэриясынын жана шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте “Китеп адамды, адам дүйнөнү өзгөртөт” аттуу китеп окуу сынагын өткөрдү. Сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, лицейдин жетекчилиги катышты.
Сынак мектеп окуучулары, ата-энелер жана мугалимдер арасында өтүп, жалпы 290 адам катышты. Жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу белектер тапшырылды.
Аталган сынакты өткөрүүгө шаар бюджетинен 100 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз