28 апрель 2025
Кароолор: (108)
КИТЕП АДАМДЫ, АДАМ ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТӨТ” АТАЛЫШЫНДАГЫ КИТЕП ОКУУ СЫНАГЫ БОЛУП ӨТТҮ

26-апрелде Зуура Нурматова атындагы Жалал-Абад кыздар лицейинде “Китеп адамды, адам дүйнөнү өзгөртөт” аталышындагы китеп окуу сынагы болуп өттү.
Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар катышты.
Китеп окуу сынагы ата-энелер арасында өзүнчө, окуучулар арасында жана мугалимдер арасында өз-өзүнчө өткөрүлдү. Ага жалпы 1200 адам катышты.
Сынактын жыйынтыгында 1-орундан 8-орунга чейин ээлеген окуучулар, ата-энелер жана мугалимдерден жалпы 24 адамга акчалай сыйлык жана дипломдор тапшырылды.
Китеп окуу сынагын өткөрүү үчүн Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан 150 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз