25 сентябрь 2022
Кароолор: (46)
«Келечек үчүн билим берүү» долбооруна Жалал-Абад шаарынан 11 мектеп катышып жатат
23-сентябрда Жалал-Абад шаарында Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорун ишке ашыруу боюнча жыйын өттү.
Ага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Дүйнөлүк банктын долбоорун ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн адиси Акылбек Орозматов, шаардагы мектеп жана бала бакчалардын жетекчилери катышты.
Аталган долбоор Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү программасын кеңейтип, тарбиячылардын жана мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатууга багытталган.
Долбоордун алкагында 5 жыл аралыгында өлкө боюнча кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачылып, мектепке чейинки курактагы 20 миң баланы билим берүү программасы менен камсыздап, 58 миң мугалим окутулат.
Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан аталган долбоорго Жалал-Абад шаарынан 11 мектеп сунушталган. Алардын ар бирине 20 компьютер, 6 проектор, парта жана отургучтар берилет.
Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан бул долбоор Дүйнөлүк банк аркылуу каржыланат.