25 июль 2023

Кароолор: (62)

К.Бадалов көчөсүнө асфальт төшөлөт

 Жалал-Абад шаарындагы К.Бадалов көчөсүнө асфальт төшөө үчүн жолду даярдоо иши башталды. Учурда аталган көчөдө Жалал-Абад шаардык Жол башкармалыгы тарабынан эски асфальтты сыйрып алуу жумуштары жүрүп жатат.

 Бадалов көчөсүнө узундугу 420 метр, туурасы 5 метр асфальт төшөлөт.

 Белгилей кетсек, аталган көчө аркылуу жергиликтүү жашоочулардан сырткары Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна келген адамдар каттам жүргүзөт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз