21 октябрь 2024

Кароолор: (74)

КАМЕРАЛАР МЕНЕН КӨЗӨМӨЛДӨӨЧҮ КЫРДААЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 21-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында милиция кызматкерлерине тиешелүү болгон кырдаалдык борбор ачылды. Анын чылуу аземине Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Уларбек Исмаилов катышты.

 Уларбек Исмаилов шаар мэринин атынан аталган борбордун ачылышы менен куттуктап, мэрдин демилгеси менен шаарда өткөн жылы 48 жайга адамдардын жүзүн тааный турган камералар орнотулганын белгилеп, ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 5,5 млн. сом бөлүнгөнүн айтты. Ал эми быйыл шаар казынасынан 7,2 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, милиция кызматкерлеринин ишин жакшыртуу максатында 40 даана планшет жана 40 даана камера сатып алынганын кошумчалады.

 Белгилей кетсек, аталган борборго Жалал-Абад облусу боюнча беш жүздөн ашуун видеокамералар туташтырылып, кылмыштуулуктун алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында иштеп жатат.

 Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борбору

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз