26 декабрь 2024
Кароолор: (45)
Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук көркөм-сүрөт жатак мектебинин курулушуна капсула салды
КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, бүгүн, 26-декабрда Жалал-Абад шаарында жайгашкан облустук көркөм-сүрөт жатак мектебинин курулушуна мезгил кутусун салды.
Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана жергиликтүү тургундар катышты.
Аталган көркөм-сүрөт мектебинин имараты 3 кабаттуу болуп, 100 балага ылайыкташтырылып курулууда.
"Бул жердеги мурдагы эски имаратты көргөн сайын менин зээним кейип жүрөт элем. Качан, ким ушуну жаңылап куруп берет экен, ким ушул эски каралбай калган жерге көңүл бурат экен деп 10-15 жылдан бери ойлонуп жүргөнмүн. Кудай буюруп, бул жаңылоо ишин мынтип өзүбуз жасап калдык. Урматтуу президентибиз Садыр Жапаровдун түздөн-түз берген тапшырмасына ылайык, мынтип эми жаңы имараттын курулушун баштадык. Буюрса, келээрки жылы курулушун аяктап, тапшырабыз. Август айынын акырына барып ачууга аракет кылабыз..." - деди Камчыбек Ташиев
Мекемеде көркөм сүрөткө кызыккан балдар жана кыздар облус аймагынан келип, жатып билим алууга толук мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Эске салсак, КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ушул жылдын 25-октябрында Жалал-Абад шаарында жайгашкан Жалал-Абад облустук көркөм-сүрөт жатак мектебинин абалы менен таанышып чыккан болчу. 1906-жылы курулган эски имараттын пайдаланууга жараксыз болуп, кейиштүү абалда калганын көрүп, тез арада бул жерге жаңы, заманбап имарат куруу тапшырмасын берген.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облустук көркөм-сүрөт жатак мектеби өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө курулууда. Учурда бул мекемеде билим алып жаткан 30 бала убактылуу Жалал-Абад шаарындагы башка мекемеге жайгаштырылган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз