29 январь 2024
Кароолор: (52)
Камчыбек Ташиев “Курманбек” стадионун реконструкциялоо ишинин жүрүшүнөн кабар алды

28-январда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионун реконструкциялоо иштери менен жеринен таанышты.
Долбоорго ылайык, эл аралык талаптарга жооп берген заманбап футбол аянтчасы гибриддик стадион болуп курулат. Муну менен эл аралык бардык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө, машыгууларды уюштурууга ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү.
Каржылоо жагы демөөрчүлөр тарабынан ишке ашып, 40 млн. сомдун тегерегиндеги акча жумшалат.
"Курманбек" стадиону 1967-жылы ашар жолу менен курулган. Анын аянты 3,6 гектарды түзүп, 4 миң 500 орунга ылайыкташкан.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз