04 октябрь 2023

Кароолор: (68)

ИШКЕРЛЕР СЫЙЛАНДЫ

 3-октябрь күнү Жалал-Абад шаардык мэриясында, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн бир катар ишкерлер Жалал-Абад шаардык мэриясынын жана шаардык кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды. Сыйлыктарды мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев тапшырды.

 Ал өз сөзүндө калаанын өнүгүшүндө ишкерлердин салымы чоң экендигин баса белгилеп, аларга ыраазычылыгын билдирди.

 Эскерте кетсек, сыйлоо иш-чарасы ишкерлер күнүнө карата уюштурулган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз