13 сентябрь 2024

Кароолор: (85)

Ирлан Казбек уулу Казакстанда өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алтын медаль утту

 Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Ирлан Казбек уулу алыш күрөшү боюнча 80 кг салмакта 1-орунду багындырып, алтын медалга ээ болду.

 Ал Жалал-Абад шаарындагы Исхак Раззаков атындагы спорт мектебинде тарбияланат.

 Эске салсак, Ирлан Казбек уулу буга чейин Өзбекстанда өткөн Дүйнөлүк чемпионатта 75 кг салмакта коло медалдын ээси болгон.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз