12 июнь 2023
Кароолор: (61)
Июнь окуясында курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 12-июн күнү Сузак районунун Топурак-Бел ашуусундагы 2010-жылдын июнь окуясында курман болгондор эскерилди. Эскерүү иш-чарасына Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Сузак районунун акими Б.Сыдыкназаров, каргашалуу окуяда каза болгондордун жакындары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты. Иш-чарада Санпа окуясына атайын тургузулган эстеликке гүл коюлуп, куран окулду.
Белгилей кетсек, июнь окуясында Жалал-Абад шаары боюнча 35 жаран каза болуп, экөө дайынсыз жоголгон. Жергиликтүү бийлик тарабынан каза болгондордун жакындарына жана жарадар болгондорго материалдык-моралдык колдоолор берилип турат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз