30 июнь 2025

Кароолор: (17)

ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

 Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Вьетнамдын Вунг Тау шаарында спорттун грек-рим күрөшү, эркин күрөш боюнча өткөн Азия чемпионатында жана Испания мамлекетинде бокстун класс-А түрү боюнча эл аралык турнирде байгелүү орундарды багындырган спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын куттуктады.

 Эрнисбек Ормоков Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, өлкө желегин бийик көтөрүүдө спортчулардын орду өзгөчө экендигин белгилеп, ийгилик каалады.

 Белгилей кетсек, 2025-жылдын 18-26-июнь күндөрү Вьетнам өлкөсүнүн Вунг Тау шаарында болуп өткөн U17, U23 Азия чемпионатында Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы №3 адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык-резерв мектебинин тарбиялануучулары грек-рим күрөшү боюнча 87 кг салмакта Асан Жанышов 1-орунду, 51 кг салмакта Ислам Курбанов 1-орунду, 65 кг салмакта Нурбек Джумабаев 2-орунду, 77 кг салмакта Эрлан Марс уулу 3-орунду багындырса, эркин күрөш боюнча 57 кг салмакта Мухаммадрасул Салиев 3-орунду ээлеген. Ал эми Испанияда өткөн эл аралык мелдеште спорттун бокс түрү боюнча класс-А турниринде 75 кг салмакта Нурадин Рустамбек уулу 3-орунду ээлеп, өлкөнүн желегин желбиретишкен.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз