11 сентябрь 2023
Кароолор: (50)
ИЧКИ КӨЧӨЛӨРГӨ ДА АСФАЛЬТ ТӨШӨЛҮП ЖАТАТ

Жалал-Абад шаарындагы Э. Мазков жана Ф. Тешебаев көчөлөрүнө асфальт төшөлүп, бүгүн, 9-сентябрь күнү пайдаланууга берилди. Көчөлөрдүн ачылуу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаар тургундары катышты.
Жалпы узундугу бир чакырымга чукул аралыкты түзгөн Э. Мазков жана Ф. Тешебаев көчөлөрүн асфальттоого жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп, асфальттоо жумушу мэриянын Жол башкармалыгы тарабынан жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарында 20 чакырым жолго асфальт төшөө, 13 чакырым тротуар куруу пландалган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз