25 декабрь 2024
Кароолор: (405)
ГҮЛБАРЧЫН ТАШТАНБЕКОВА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ

Бүгүн, 24-декабрда Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн эл аралык олипиадада ийгилик жараткан окуучуларды куттуктап, алардын мугалимдерине жана ата-энелерине ыраазычылык билдирди.
Эл аралык олимпиадада Жалал-Абад шаарынан барган Малик Казыбеков математика предмети боюнча супер чемпион аталган. Ал эми Бийлик Алмазбеков менталдык арифметика боюнча 2-орун, Мейманбаева Арууке англис тили предмети боюнча 1-орун,
Раяна Абдималикова англис тили предмети боюнча 1-орун,
Альбина Самаганова математика предмети боюнча 1-орун жана
Бактыбекова Аин англис тили предмети боюнча 1-орунду багындырган.
Аталган окуучулар 2025-жылдын 25-мартында Дубайда өтүүчү олимпиадага жолдомого жана баалуу белектерге ээ болушкан.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз