18 декабрь 2023

Кароолор: (58)

Грек- Рим күрөшү боюнча спорттун чебери Бакыт Дубанаевдин жаркын элесине арналган спорттук иш-чара өтүп жат

 16- декабрда Жалал-Абад шаарындагы Исхак Раззаков атындагы спорт мектебинде өспүрүмдөр арасында спорттун эркин күрөш түрү боюнча турнир өтүүдө.

Ага калаа башчысынын орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал- Абад шаардык кеңешинин депутаты Байгазы Эргешов, Зарылбек Салиев, шаар тургундары жана спорт күйөрмандары катышты.

2 күнгө созулган турнирге Жалал-Абад облусунун ар кайсы аймактарынан жана Ош шаарынан жалпы 15 команда катышып, 400 гө жакын спортчу күч сынашууда. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан акчалай сыйлык жана Грамоталар тапшырылат.

Сопрттук иш-чара менен катар марафонда өткөрүлдү. Иш-чара "Көк-Арт жаштар биримдиги" коомдук фонду тарабынан уюштурулган. Максаты - жаштар арасындагы ар кандай кылмыштуулуктун алдын-алуу жана өспүрүмдөрдү спортту сүйүүгө үндөө болуп саналат.

 Белгилей кетсек, марафондо жыйналган каражат Көк-Арт кичи шаарчасын өнүктүрүүгө жумшалат.

 Эске салсак, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону, грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери Бакыт Дубанаев 2006- жылы 22 жашында дүйнөдөн кайткан. Анын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында мындай спорттук иш-чара жыл сайын өткөрүлүп тураарын уюштуруучулар белгилешет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз