21 ноябрь 2023
Кароолор: (102)
ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮ БОЮНЧА Х ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШ ӨТҮП ЖАТАТ

18-ноябрь күнү Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу, «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» Узаков Ибрагим Узаковичтин жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча Х Эл аралык мелдеш башталды. Спорттук иш-чаранын ачылуу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков катышты.
Шаар башчысы өз сөзүндө: "Эл арасында «Тапанча палван» каймана атка ээ болуп, легендага айланып калган инсан жөнүндө канча сөз кылсак да түгөнбөйт.
Өзүңүздөр билгендей кезинде мыкты машыктыруучу катары канча деген жаштарды спорт менен машыгууга үндөп, жеңиштин желегин далай желбиретти десем жаңылышпайм.
Мындай тарых жараткан инсандардын эмгегин эскерип, даңазалап туруу биздин милдетибиз. Анткени, алар салып кеткен чыйыр жол менен жаштарыбыз дагы да болсо ийгиликтерди багындырат деп мен терең ишенем",-деп белгилеп, спортчуларга ийгиликтерди каалады.
Мелдешке Кыргызстандын 7 облусунан жана Өзбекстандан 17 жашка чейинки 250дөй спортчу катышууда.
Финалдык беттештер эртең, 19-ноябрь күнү болот. Жеңүүчүлөргө медалдар жана белектер берилет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз