17 июль 2023

Кароолор: (55)

Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Абдулазиз Моминовду салтанаттуу тосуп алышты

  16-июль күнү Иорданиянын Амман шаарында болуп өткөн грек-рим күрөшү боюнча 15 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Азия чемпионатында жеңишке жеткен Абдулазиз Моминовду салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү. Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык кеңештин депутаты Арапбай Абдыкаев, мэриянын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев, спортчунун жакындары, машыктыруучулары катышты.

 Жаш спортчу 38 кг салмак чен бирдигинде күч сынашкан.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз