20 июль 2023

Кароолор: (55)

Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында ийгилик жараткан спортчулар сыйланды

 Бүгүн, 20-июль күнү Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова Иорданиянын Амман шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында өткөн Азия чемпионатында 60 кг салмактагылар арасында 2 –орунду ээлеп күмүш медалга татыган Акыл Сулаймановду жана өспүрүмдөр арасында 38 кг салмакта күч сынашып, алтын медалга ээ болгон Абдулазиз Моминовду куттуктап, белектерди тапшырышты.

Жетекчилер спортчуларга ийгиликтерди каалап, аларды тарбиялаган машыктыруучуларга жана ата-энелерине ыраазычылык билдиришти.

 Ийгилик жараткан эки спортчу шаардагы спорт мектептеринде тарбияланышат. Жаш спортчуларды Алтын Салаев жана Камолдин Абдуллахожаевдер машыктырып келет.

 Белгилей кетсек, аталган чемпионатка Жалал-Абад шаарынан жалпы 3 спортчу барган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз