13 апрель 2023
Кароолор: (48)
Горький көчөсүнө тротуар курулду

Жалал-Абад шаарынын Максим Горький көчөсүнө мэриянын Жол башкармалыгы тарабынан кеңдиги эки метр, узундугу бир чакырымдай тротуар курулду.
Буга чейин аталган көчөдөгү тротуардын аймагына чыгып кеткен бир катар курулуштар буздурулган болчу.
Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарына жалпы 13 чакырым тротуар куруу пландалган.