23 октябрь 2024
Кароолор: (67)
ФУТЗАЛ БОЮНЧА "МУРАС-АЙМАК" ТУРНИРИНИН ШААРДЫК БАСКЫЧЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

22-октябрь күнү, Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан мекеме-ишканалар арасында футзал боюнча "Мурас-Аймак" турнири өткөрүлдү. Ага жалпы 6 команда катышты. Спорттук иш-чарага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, командаларга ийгилик каалады. Ошондой эле, бул мелдеш мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасындагы достук мамилени чыңдоо жана сергек жашоого үндөө болуп саналаарын белгиледи.
Турнирдин жыйынтыгында биринчи орунду шаардык билим берүү бөлүмүнүн командасы жеңип, кубокко ээ болуу менен бирге облустук баскычка жолдомо алды. Ал эми медицина кызматкерлеринин командасы экинчи орунду камсыздаса, үчүнчү орунду салык кызматынын командасы жеңип алды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз