02 май 2023

Кароолор: (75)

Футбол: “Мурас Юнайтед” “Талант” футболдук клубуна 2:1 эсебинде жеңилип калды

  29-апрелде Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда "Мурас Юнайтед" менен "Талант" футболдук клубдарынын беттеши болуп өттү. Футболдук беттешти көрүүгө Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковда барып, шаардын атынан ойноп келе жаткан "Мурас Юнайтед" командасына күйөрмандык кылды.

 Футболдук беттеш 2:1 эсебинде “Талант” командасынын жеңиши менен аяктап, аталган команданын оюнчусу Джазыбай Абдукаимов мыкты оюнчу аталды.

 Белгилей кетсек, 3-май күнү “Мурас Юнайтед” менен “Кара-Балта” футболдук клубдары беттешет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз