28 май 2024
Кароолор: (67)
ФУТБОЛ БОЮНЧА УЛУТТУК КУРАМА КОМАНДА ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА КЕЛДИ

27-май күнү Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасы машыгуу үчүн Жалал-Абад шаарына келди. Футболчуларды "Жалал-Абад" аэропортунан шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңшинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, спортчулар жана футболчулардын күйөрмандары тосуп алды.
Улуттук курама команда Жалал-Абаддагы «Барселона» академиясында машыгуу өткөрөт. Машыгуу 4-июнга чейин уланат.
Футбол боюнча улуттук курама команда, Дүйнө чемпиондугуна жана Азия Кубогуна тандоо оюндарынын алкагында июнь айында Малазия жана Оман менен беттеш өткөрөт.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз