25 сентябрь 2023

Кароолор: (115)

Футбол боюнча Кыргызстандын кубогун жеңген "Мурас Юнайтед" футболдук клубунун оюнчуларын салтанаттуу тосуп алышты

 Бүгүн, 25-сентябрда "Жалал-Абад" аэропортунан футболчуларды салтанаттуу тосуп ал алуу аземи өттү. Аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, “Мурас-Юнайтед” футболдук клубунун күйөрмандары тосуп алышты.

 “Мурас-Юнайтед” футболдук клубунун жеңиши менен куттуктаган калаа башчысы, футболчуларга ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, Жалал-Абад шаарында спорттун бул тармагы тездик менен өнүгүп жатканын белгиледи.

 Белгилей кетсек, “Мурас-Юнайтед” командасы 16-сентябрь күнү Бишкек шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын кубогуна арналган футболдук беттеште “Абдыш-Ата” футболдук клубун 2:1 эсебинде жеңип алган.

 Эске салсак, бүгүн 25-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда чемпиондорду сыйлоо аземи өтөт. Иш-чара концерттик программа менен коштолот.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз