21 март 2023

Кароолор: (50)

Футбол боюнча достук беттеште "Мурас Юнайтед" клубу жеңишке жетти


Бүгүн, 21-март күнү Нооруз майрамына карата Жалал-Абаддын "Мурас Юнайтед" жана Кочкор-Атанын "Нефтчи" футболдук клубдарынын жолдоштук беттеши өттү. Ага КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, футбол сүйүүчүлөрү жана шаар тургундары катышты.

Спорттук иш-чара концерттик программа менен коштолуп, белгилүү өнөр ээлери тарабынан элге майрамдык маанай тартууланды.

 Оюнда эки команда 1:1 эсебинде тең чыгып, пенальтилер сериясы орун алды. Пентальтиде "Мурас Юнайтед" 4:3 эсебинде жеңишке жетип, "Нооруз" кубогуна жана 100 миң сом байгеге ээ болду. Ал эми достук беттеште жеңилип калган "Нефтчи" командасына 50 миң сом тапшырылды.

Жеңүүчү болгон  "Мурас Юнайтед" командасына Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кубок тапшырып, жеңиши менен куттуктады. Шаар башчысы жергиликтүү бийлик спорт тармагын ар дайым колдоп келээрин баса белгилеп, жаңы түзүлгөн "Мурас Юнайтед" футболдук клубуна ийгиликтерди каалады.