25 апрель 2023

Кароолор: (53)

Футбол: "Мурас Юнайтед" "Илбирс" футболдук клубун 3:0 эсебинде жеңди.

 Бүгүн, 24-апрель күнү Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда Жалал-Абад шаарынын "Мурас Юнайтед" футболдук клубу менен Бишкек шаарынын "Илбирс" футболдук клубу OLIMPBET Премьер-лигасынында беттеш өткөрдү.

 Футболдук беттеш 3:0 эсебинде "Мурас Юнайтеддин" жеңиши менен аяктап, аталган футболдук клубдун капитаны Бактыяр Дүйшөбеков беттештин мыкты оюнчусу деп табылды.