11 сентябрь 2023
Кароолор: (51)
Футбол: "Мурас Юнайтед" "Андижан" футболдук клубун 1:0 эсебинде жеңди

Бүгүн, 10-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда Кыргызстандын "Мурас Юнайтед" футболдук клубу менен Өзбекстандын "Андижан" футболдук клубу достук беттешин өткөрдү.
Футболдук беттешке Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, миңдеген футбол күйөрмандары катышты.
Футболдук беттеш 1:0 эсебинде "Мурас Юнайтеддин" жеңиши менен аяктады.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз