20 апрель 2024

Кароолор: (71)

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ 100 ЖЫЛ

19-апрелде Жалал-Абад шаарында Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган «Жалал-Абад облусунун финансы системасынын негизи катары, мамлекеттик финансы: теория жана практика” темасында илимий-практикалык конференция өттү.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева, Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Уларбек Исмаилов, финансы тармагындагы илимпоздор, жогорку окуу жайларынын окутуучулары, банктардын, эл аралык уюмдардын, бейөкмөт уюмдардын, чакан жана орто бизнес уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Анда мэр Эрнисбек Ормоков аталган тармактын кызматкерлерин 100 жылдык маарекеси менен куттуктап, калаадагы өнүгүү, өзгөрүүлөргө кошуп жаткан чоң салымдары үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Конференциянын максаты - мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу багытында мамлекеттик финансы системасын талдоо үчүн ачык талкуу аянтчасын түзүү болуп саналат. Иш-чара 3 сессия менен уланып, анда Жалал-Абаддагы финансы системасын өнүктүрүү перспективаларын жана мамлекеттик финансынын туруктуулугун жогорулатуу сыяктуу маселелер талкууланды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз