10 июль 2025
Кароолор: (44)
“ЕВРАЗИЯНЫН ЖҮРӨГҮНӨ САЯКАТ” ЭКСПЕДИЦИЯСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА КЕЛДИ

Экспедициянын катышуучулары Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков менен биргеликте Орусия менен Кыргызстандын аймактарынын "Достук" паркына көчөт тигишти.
“Евразиянын жүрөгүнө саякат” эл аралык экспедициясы июнь айында Москвадан башталып, 50 күндүн ичинде 30 шаарга барууну пландаштырган. Бул чоң иш-чарага Россия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан катышуучулар кошулуп, ар бир өлкөдөн бир нече шаарлар тандалып алынган.
Экспедициянын негизги максаты – салттар, маданият, тил жана маалымат алмашууну достук маанайда уюштуруу болуп саналат. Бул үчүн долбоор төрт негизги багытты камтыйт: бизнес, илим-агартуу, медиа жана гуманитардык.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз