24 март 2025

Кароолор: (77)

ЭСТЕЛИК БАГЫ" АТАЛЫШЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ЭКОЛОГИЯЛЫК АКЦИЯ БОЛУП ӨТТҮ

22-мартта Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын аймактарынын “Достук” паркында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган “Эстелик багы” эл аралык экологиялык акциясы болуп өттү.

 Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Султан Эргешов, шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, Оштогу “Русский дом” коомунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Дмитрий Аврам, Россия Федерациясынын консулдугунун башкы катчысы Анастасия Егерева, Ооган согушунун жана Баткен окуясынын ардагерлери, “Чет элдеги Россиялык мугалим” эл аралык долбоорунун мугалимдери, ыктыярчылар жана студенттер катышты.

 Акциянын алкагында аталган паркка 80 түп кайың дарагынын көчөттөрү отургузулду.

 Акциянын негизги максаты – Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында каза болгондорго арнап дарак отургузуу болуп саналат. Мындан сырткары, токой байлыктарын сактоо жана калыбына келтирүү жагын да көздөйт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз