08 август 2025

Кароолор: (33)

ЭРНИСБЕК ОРМОКОВ ТУРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 Бүгүн, 7-август күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемал Окемди кабыл алды.

 Жолугушуу учурунда шаарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор, инфраструктураны жакшыртуу багытында жүрүп жатка курулуштар, медицина, билим берүү тармагы боюнча кеңири сөз болду.

 Шаар башчысы эки элдин ортосунда кылымдар бою сакталып келе жаткан бекем достук мамилени мындан ары да өнүктүрүүгө тилектештигин билдирди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз