20 февраль 2023
Кароолор: (396)
Э.Ормоков: Шаарды жашылдандыруу үчүн 8 скважина ишке киргизилет
Бүгүн,20-февраль күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тийиштүү жетекчилер менен шаардын ирригация тутумун талкуулады. Шаар мэри белгилегендей, жыл сайын сугат суунун жоктугунан шаарга тигилген көчөттөрдүн, гүлдөрдүн бир бөлүгү куурап калат.
Алдыда бак-дарактарды, гүлдөрдү сугат суу менен сугаруу үчүн 8 скважина ишке киргизилет. Учурда шаардагы 3 скважина оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатса, дагы 5 жайга жаңы скважина курулат
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз