02 май 2023
Кароолор: (57)
Э.Ормоков: Эс алуу парктарында элге ыңгайсыздык жаратып келген шарик атуучу оюн тактайларын коюуга уруксат берилбейт

Мындай пикирин бүгүн, 29-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Токтогул паркындагы ишкерлер менен жолугушуу учурунда билдирди. Калаа башчысы эс алуу парктарындагы жөө адамдар басуучу жолдорго орнотулган шарик атуучу тактайлар адамдарга кооптуулук жана ыңгайсыздык жаратып келгенин белгилеп, аны парктарга коюуга уруксат берилбей турганын айтты.
Эске салсак, буга чейин мэрдин тапшырмасы менен шаардагы парктарды иретке келтирүү иши жүргүзүлүп, талапка жооп бербеген, элге ыңгайсыздык жараткан аттракциондор, оюн тактайлары алынган болчу.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз