03 апрель 2023

Кароолор: (47)

Э.Ормоков: Элдин коопсуздугу үчүн Жалал-Абад шаарындагы жарнама калкандары алынат

 Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, мэриянын аппарат жетекчиси Миргуль Эгемова, Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Ж. Бөрүкулов шаардагы жарнама калкандарды иштеткен ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда шаардагы жарнама калкандары катуу шамалдарда кулап жатканы, шаардын көркүн бузуп жатканы талкууланды.

 Шаар башчысы элдин коопсуздугу башкы орунда экендигин баса белгилеп, калкандар алына турганын билдирди. Ошондой эле, ишкерлерге шаарга көрк берген, коопсуз LED экрандарды иштетүүнү сунуштады.

 Жалал-Абад шаарында 150дөй жарнама калканы бар. Алардын көпчүлүгү шаардын негизги көчөлөрүндө жайгашып, тротуарларга орнотулган.

 Белгилей кетсек, жыл сайын катуу шамалдан улам бир нече жарнама калканы кулап, унааларды басып калган учурлар дагы кездешип келет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз