19 июнь 2025

Кароолор: (26)

ЭНЕЛЕРДИН ЖАНА ЫМЫРКАЙЛАРДЫН ӨЛҮМҮНҮН АЛДЫН АЛУУ, АЗАЙТУУ БОЮНЧА АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУЛАР ӨТКӨРҮЛҮП ЖАТАТ

 Жалал-Абад шаарындагы №9 Р.Санатбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде шаар мэринин орун базары Гүлбарчын Таштанбекова тиешелүү адистер менен биргеликте, ата-энелер менен жолугушуу өткөрдү.

 Жолугушуу энелер жана ымыркайлардын өлүмүнүн алдын алуу, азайтуу, эрте никеге туруулардын алдын алууга багытталган.

Жолугушууга "Спутник" муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы, ички иштер бөлүмүнүн, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, акушер-гинеколог жана үй-бүлөлүк дарыгерлер

тобунун кызматкерлери, шаар тургундары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү кызматкерлер тарабынан эрте турмуш куруунун натыйжасында балдардын ара төрөлүп калуусуу, жетиле элек куракта төрөө эненин да баланында ден-соолугуна коопто экендиги түшүндүрүлдү.

Ошондой эле, өспүрүмдөрдүн таалим-тарбиясына, жүрүм-турумуна үй -бүлөдө

олуттуу көңүл буруу зарылдыгы айтылып, эрте никеге туруулардын алдын алуу, кыздарга туура кеп-кеңеш берүү ата-эненин милдети экендиги белгиленди.

 Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар шаардагы бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарда жана башкарууларда бекитилген график боюнча өткөрүлмөкчү.

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз