29 апрель 2025
Кароолор: (45)
ЭНЕЛЕРДИН ЖАНА ЫМЫРКАЙЛАРДЫН ӨЛҮМҮНҮН АЛДЫН АЛУУ, АЗАЙТУУ БОЮНЧА АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУЛАР ӨТКӨРҮЛҮП ЖАТАТ

Жалал-Абад шаарындагы №3 Ж.Бакиев атындагы билим берүү мектебинде
энелер жана ымыркайлардын өлүмүнүн алдын алуу, азайтуу, эрте никеге туруулардын алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйынга Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Курманбек
муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Астрагүл Умуралиева, акушер-гинеколог Гүлбара Ташиева жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери, шаар тургундары катышты.
Гүлбарчын Таштанбекова ата-энелерге ар кандай оорулардын алдын алуу жана болтурбоо үчүн убагында
медициналык текшерүүдөн өтүүгө чакырды. Мындан сырткары, кош бойлуу учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылып, алардын көзөмөлүндө болуу маанилүү экендигин эскертти. Ошондой эле, өспүрүмдөрдүн таалим-тарбиясына олуттуу көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, эрте никеге туруулардын алдын алуу, кыздарга туура кеп-кеңеш берүү ата-эненин милдети экендигин баса белгиледи.
Ал эми дарыгерлер тарабынан эмдөөнүн зарылчылыгы, эрте турмуш куруунун терс жактары, жеке гигиенаны сактабоонун кесепеттери, аз кандуулуктун кандай ооруларга алып келээри боюнча
ата-энелерге толук маалыматтар берилди.
Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар шаардагы бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарда жана башкарууларда бекитилген график боюнча өткөрүлмөкчү.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз