12 март 2025
Кароолор: (18)
ЭМГЕК УКУКТАРЫ БОЮНЧА АЧЫК САБАК БОЛУП ӨТТҮ

Жалал-Абад шаарындагы №13 Розы Азимов атындагы орто мектебинде Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы, КР Президентинин Администрациясынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы менен биргеликте жогорку класстын окуучуларына эмгек укуктары боюнча ачык сабак өткөрдү.
Ага ККБФнын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу, Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чыныбаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, шаар мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, Жалал-Абад ШИИБнын башчысы жана кызматкерлери, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы, окуучулар катышты.
Ачык сабактын алкагында окуучуларга ККБФнын Жаштар кеңешинин өкүлдөрү эмгек келишим, иш убактысынын режими, эмгек акы жана өспүрүмдөр үчүн кепилдиктер тууралуу маалыматтарды беришти. Сабак учурунда викторина оюну уюштурулуп, жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан сыйлыктар берилди. Мындан сырткары, окуучулар кызыктырган суроолорун берип, адистерден жоопторду алышты.
Бул демилгенин негизги максаты - жаштардын, өспүрүмдөрдүн эмгек мыйзамдары жаатындагы укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, кызматкерлердин негизги укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат берүү, ошондой эле, эмгек мамилелеринде өз кызыкчылыктарын коргоо жөндөмүн өнүктүрүү болуп саналат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз