07 декабрь 2023
Кароолор: (50)
“ЭМГЕК-ӨСПҮРҮМ” АТАЛЫШЫНДАГЫ РЕЙД ӨТКӨРҮЛҮП ЖАТАТ

Жалал-Абад шаарында "Эмгек-өспүрүм" аталышындагы рейд өтүүдө. Ага шаардык мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмү, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышууда.
Рейддин жүрүшүндө жашы жете элек 20 дан ашуун өспүрүм балдардын иштеп жаткандыгы аныкталган болсо, алардын ону жакынкы райондордон келген балдар. Адистер тарабынан алардын ата-энелерине жана жакындарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган рейддин максаты - коомдук жайларда, соода-сатык дүкөндөрдө, унаа жуучу жайларда, курулуштарда оор жумуш менен алектенген балдардын билим алуусун үзгүлтүккө учуратпоо жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз