01 август 2025
Кароолор: (38)
“ЭМГЕК-ӨСПҮРҮМ” АТАЛЫШЫНДАГЫ РЕЙД ӨТКӨРҮЛДҮ

31-июль күнү, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү секторунун, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан "Эмгек-өспүрүм" аталышындагы рейд өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө коомдук жайларда, соода-сатык жайларында, унаа жуучу жайларда, курулуштарда оор жумуш менен алектенген 20 дан ашуун өспүрүм аныкталып, жеринен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, адистер тарабынан ата-энелерине айып пул салынды.
Аталган рейддин максаты - өспүрүмдөрдүн оор жумуштарга тартылуусуна, алардын психологиялык, физикалык жактан жабыр тартуусуна жол бербөө жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз